• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күндүн аптабында балмуздак, желдеткичтин пайдасы – адистер эмне дейт?

Дүр дүйнө 0

Аба ырайы 71 градуска жетсе адам баласы бир сааттан ашык жашай албайт. Жайдын аптабындагы 30-40 градус ысыктыкта бир саатта денеден дээрлик бир литрге жакын тер бөлүнүп чыгат. Мындай аптаптуу ысыкта эмнелерди кылууга болбойт?

Күн ысыкта кайнак суу ичиңиздер

Канадалык окумуштуулар күндүн ысыгында муздак суусундук ичүүдөн алыс болууну айтат. Тажрыйбанын негизинде окумуштуулар, мындай учурда ысык сууну ичсе организмге пайдалуу болоорун белгилейт. Суусап жатсаңыз кайнак сууну же жашыл чай ичсеңиз өзүңүздү сергек сезип каласыз.

Ошол эле окумуштуулар 9 каалоочуну 75 мүнөт бою машыгуу залында шайтан араба (веломашыктыруучу) тебүүсүн суранган. Машыгууга 5 мүнөт калганда жана машыгуу учурунда 3 жолу 10, 37 жана 50 градуска чейин ысытылган сууну беришкен. Сенсордун жардамы менен организмге кирген кычкылтек менен андан чыккан көмүр кычкыл газын көзөмөлдөп турган. Тажрыйбанын негизинде 50 градус ысытылган суу адамды ичинен ысытып, тердин чыгуусун тездеткен. Ал организмдин сергектигине алып келген.

Ошондой эле, эгер адамда синтетикалык кийим кийип жүрсө бөлүнүп чыккан тер бууланбай калат жана жогорку нымдуу абада да ысытылган суусундар жардам бере албайт.

Кофе ичүү жүрөк кан-тамырынын иштешин начарлатат

Күн ысыкта кайнак суу ичиңиздер, бирок кофе ичпеңиздер. Улуу Британиядагы Лафборо университеттин окумуштууларынын изилдөөсүндө айтылгандай, бир күндө 2-3 чыны кофе ичүү бөйрөккө кандын келишин көбөйтүп, натрийдин сиңүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бул дааратканага улам-улам барууга себеп болот.

Күндүн ысыгында тердин бөлүнүп чыгуусу күчөп, адамдын организминде суусуздануу (обезвоживание) башталат. Адам суусундук көп иче баштайт. Ал эми, сергитүүчү суусундукту ичсе организмде кофеиндин өлчөмү жогорулап бөйрөккө күч келе баштайт.

Бир күндө 6 чыны сергитүүчү суусундук ичкенде жүрөк кан-тамырынын иштеши начарлай баштайт. Түштүк Австралиянын окумуштуулары күндүн аптабында бул суусундукту ичпей коюуну сунуштайт. Ысыкта, үп болуп турганда жүрөк кан-тамыры иштеши кыйын боло баштайт. Дагы кофе ичип алса кан айлануу системасына эки эселеп кыйынчылык жаратат.

Балмуздак денени муздатпайт

Ошондой эле баарыбыз жакшы көргөн балмуздакты да жегенге шашылбаңыз. Балмуздакта калорий көп болгондуктан организмди сергитпейт. Анткени балмуздакты сиңирүүдө ашказанда көптөгөн жылуулук бөлүнүп чыгат да, денени кайра ысыта баштайт.

Экинчиден, эгер балмуздакты тез ылдамдыкта жей баштаса баш оору пайда болушу мүмкүн. Канадалык окумуштуулардын маалыматы боюнча, жер планетасында жашаган ар бир үчүнчү адамдын башы балмуздактан ооруган. Өзгөчө күндүн ысыгында.

Гарвард медициналык мектебинин адистеринин айтымында, мындай көрүнүш баш мээге келген кандын өзгөрүшүнөн келип чыгат. Балмуздакты жегенде ооз көңдөйүндө жайгашкан сезгич рецепторлорду дүүлүктүрөт. Жооп катары организм мээге жылуу канды жиберет. Кан басым жогорулап баш оору пайда болот.

Желдеткичти ысык абада колдонуунун пайдасы жок

Бүгүнкү күндө ысыктан бир гана кондиционер куткарат эмеспи. Бирок кээ бир аллергиясы бар же иммунитети начар адамдарда кондиционер баш ооруга жана алсыздыкка алып келет – өзгөчө анын муздаткыч системасын тазалабаса. Андыктан, көпчүлүгү эски желдеткичти колдонууну туура көрөт.

Британиялык окумуштуулар бул ыкманы таасирдүү деп айтышпайт. Желдеткич абаны муздатпайт, бир гана абаны бөлмө ичинде аралаштырып коет. Салыштырмалуу ысык температурада желдеткич денедеги ысык абанын алмашуусуна жардам берет жана тердин буулануусун тездетет. Эгер аба 35 градустан ашык болсо, тескерисинче ысык абанын денеге болгон басымын жогорулатат.

Адистер күндүн аптабында терезени ачпоону сунуш кылат. Терезенин пардасын жаап койсо күндүн нурлары аз тийип бөлмө анчалык ысык болбойт. Эшиктин температурасы бөлмөнүкүнө караганда өтө ысык болбосо, анда терезени ачып желдетсе болот.

Пикир

Оставить комментарий