• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Күндүн табы 41 градуска чейин көтөрүлөт. Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек?

Коом 0

Бишкек, 22.07.22 /Кабар/. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкөдө дагы бир жума күн катуу ысыйт. Ысыктын жогорку чегин жүрөк-кан тамыр жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эле эмес, дени сак адам да көтөрө албай турганын медицина кызматкерлери ар дайым эскертип келишет. Ысык аба ырайы өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн. Ошондой эле ичеги-карын инфекциялары козголуп, ысыкта жарабай калган тамак-аштан уулануу көбөйөт. Анткени аптап инфекциянын кеңири жугушуна жол ачып, өзгөчө жаш балдарга тамак-аш азыктарын абайлап берүү зарыл.

Аптаптап кантип сактанабыз?

- күн аябай ысыган убакытта мүмкүн болсо көлөкө жерде болуңуз, зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз оң;

- өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;

- кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк чай суусунду жакшы кандырып, организимге пайдалуу;

- ичүүчү суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;

- сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек;

- сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

- сунушталбаган, тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.

Туура тамактануу

- тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;

- жашылчаларды-жемиштерди жана мөмөлөрдү агын сууга жакшылап жууп жеңиз;

- ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз;

- жер үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоо зарыл. Анткени аптап патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүп, жугушту ичеги-карын оорулары көбөйөт;

- үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоо, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз;

- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2 - +8 градус температурада гана сактоону эсиңизге тутуңуз.

Пикир

Оставить комментарий