• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Күндүн ысыгынан бейтапканада жаткан балдар жабыркап жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 11-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Күндүн ысыгынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемотология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдардын мурдуларынан кан агып, анда иштегендердин эси ооп жыгылып жаткан учурлары катталууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган борбордун социалдык мугалими Зухра Мочанова билдирди.

“Биздин бөлүм үчүнчү кабатта жайгашкандыктан жай мезгилинде палатадагы ысыктан бейтаптардын дем алуусу кыйындап баштайт. Мындай күндүн ысыгында биздин балдарды демөөрчүлөрдүн күчү менен палаталарда орнотулган аба муздаткычтары сактап калчу. Бирок, ал бузулуп калганына байланыштуу бейтаптардын күндүн ысыгынан мурдуларынан кан токтобой, температуралары көтөрүлүп жатат. Ал эми кечээ, бир медайым эсин жоготуп кулап калды. Аба муздаткычын оңдотуу үчүн 700 доллар керектелсе, аны орнотконго 5000 сом талап кылынат экен”,-дейт Мочанова.

Анын билдиришинче, бөлүмдө 35 бала дарыланууда. Алардын ата-энелери балдарынын ден соолугу начарлап жатканына кабатыр болуп жатканын айтышууда. Кызматкерлердин эшик терезелерди ачканы эч кандай жардам бербей жатат.

“Бөлүмдө иштеген аба муздаткычтын эскилиги жетип калганына байланыштуу, ар жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлүп турчу. Бүгүн адистер келип, аны бекер оңдоп берүүнү убада кылышты. Бирок ал эскирип калганына байланыштуу көпкө иштебейт”,-деди ал.

Аталган бөлүмдүн кызматкерлери гемотология бөлүмүндөгү балдарга жардам берүү максатында демөөрчүлөрдү издейт. Бул маселеге кайдыгер карабагандар 0554888580 телефон номерине кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий