• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты

Президент 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыктардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1354 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 454 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>

“Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>

Пикир

Оставить комментарий