• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кɵп балалуу энелер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда КР Президентинин 17-майындагы №88, 89 жарлыктарынын негизинде Нарын шаарынын кɵп балалуу энелери «Баатыр Эне» ордени жана «Эне Даӊкы» медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш-чара Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Э.Алымкуловдун жана шаардык Кеӊештин тɵрагасы Ж.Ботокановдун катышуусунда болуп ɵттү. Шаар башчылары мамлекеттик сыйлык ээлерине жылуу тилектерин жолдошуп, маданият кызматкерлери тарабынан чакан программадагы концерт тартууланып, сыйлуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаары боюнча 357 баатыр эне бар болсо, бүгүн алардын саны дагы он үчкө кɵбɵйүп, “Эне Даңкы” медалы 7 энеге ыйгарылды.

Маалымат үчүн айтсак, шаар боюнча эң улуу баатыр энелер 93 жаштагы Наалбүбү Жусманбетова, 94 жаштагы Шарипа Кыдыкбаевалар болсо, эң жаш баатыр энелер 31 жаштагы Мукашова Салтанат, 34 жаштагы Роза Абдиева, 33 жаштагы Элмира Баймундузовалар болуп келет.

Пикир

Оставить комментарий