• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана тариздөө боюнча иштер улантылат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана тариздөө боюнча иштер улантылат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 «Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылат.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелерин аныктоо маселеси боюнча талаптарын камсыздоо максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий