• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көп күттүргөн ырааттуу тездеткич. Тендердин уюштуруучуларын коррупцияга айыпташты

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылды. Анда ал Улуттук онкология борборунун директорун ырааттуу тездеткичти сатып алуу үчүн тендерди даярдоодо жеткирүүчүлөр менен коррупциялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деп күнөөлөгөн. Бул тууралуу Динара Аляева “Кабар агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Аляева “Кумтөр” компаниясынын шарты боюнча ырааттуу тездеткичти сатып алууга акчалар коомдук фонддун эсебине которулушу мүмкүн экендигин билдирди. Ушул максатта Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында “Калкка онкологиялык жардам” коомдук фонду түзүлгөн.

“Бул менен башынан аягына чейин – каттоо, аткаруучуларды тандоо, техникалык тапшырмалар менен Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Э.Тилеков алектенген. Менде ырааттуу тездеткичти сатып алууга болгон тендерде Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков жана шайманды жеткирүүчүлөрдүн биринин коррупциялык сүйлөшүүсү бар экендигине далилдер бар”, - деди Аляева.

Ал техникалык тапшырманын 5 жана андан көп пункттары “Elekta” компаниясынын 2007-жылдагы үлгүсүнүн алдында жазылганын белгиледи.

“Менин колумда Тилековдун чакыруусу менен бункердин аудити үчүн Бишкикке келген алматалык инженер менен сүйлөшүүнүн аудиожазуусу бар. Бул аудит фактысынын четке кагылганына карабай, менде Dragon Project компаниясы даярдаган оңдоо иштеринин долбоору жана сметасы колумда турат. Ошондой эле Тилековдун инженерди коркутуп жатканынын аудиожазуусу да бар”, - деп билдирди Аляева.

Мындан тышкары ал тендердин потенциалдуу катышуучуларынын тендердик тапшырма атаандаштыкты чектегени боюнча катын көрсөттү.

“Акыркы жана эң маанилүүсү, 20-ноябрда РФнын физиктер ассоциациясынан, профессор, илимдин доктору Борис Наркевичтен техникалык тапшырма жаңы, заманбап жабдык алууга жол бербейт деген экспертиза алдым.14кө жакын пункту катасы менен болуп, мүчүлүштүктөр бейтаптардын саламаттыгына зыян алып келиши мүмкүн”, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, Онкология жана гематология улуттук борбору үчүн атайын жабдыкты 2 жылдан бери сатып ала албай жатышат. Жабдыкты сатып алууга 7 млн. сомдук каражатты “Кумтөр” компаниясы берген. Бирок, аны сатып алуу боюнча эки тендер жокко чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий