• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көп учурда кыйноолорго 25-45 жаш курактагы адамдар арызданат

Коом 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Көп учурда кыйноолорго 25-45 жаш курактагы адамдар арызданат. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыйноолор тууралуу билдиргендердин курагы 14-55 жаш арасында болот.

Маселен, Улуттук борборго 14-16 жаштагы өспүрүмдөр (3,57%), 19-24төгү жаштар (25%), 25-45 жаштагылар (57,4%) кайрылышкан. Ошондой эле 46-55 жаш курактагы адамдар да кыйноолорго кабылганын билдирген (14,29%). Белгилей кетсек сурамжылоого эркектер жана аялдар катышкан.

Убактылуу кармоочу жайында сурамжылоого катышкандардын арасында 97%ы эркектер, 3%ы аял кишилер болгон. Тергөө абагындагылардын 90%ын эркектер, аялдар 10%ды түзгөн. Балдар мекемесинде балдар - 58%, кыздар - 42%.

Пикир

Оставить комментарий