• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көпчүлүк адамдардын бир беткапты жумалап кийип жүргөнүн байкоого болот - Алтымышева

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Көпчүлүк адамдардын бир беткапты жумалап кийип жүргөнүн байкоого болот. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

"Биздин адистер тарабынан коронавирус боюнча маалыматтык материалдар: видео, аудиолор даяралган. Анда адамдар өзүн жана жакындарын илдеттен кантип коргонуу керектиги айтылган. Ал материалдар соцтармактарда, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында, облустук телеканалдарда жарыяланган. Кийин өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктөргө уруксат берилгендиктен санитардык эрежелердин сакталуусун айткан материалдар да даярдалган", - дейт ал.

Алтымышева билим берүү мекемелеринде да түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтат.

"Эпидемиологиялык абал дайыма өзгөрүп жатат. Андыктан эң жөнөкөй эрежелерди аткарыш керек. Алар беткап кийүү, адамдар ортосундагы аралык жана өздүк гигиенаны сактоо сыяктуу талаптарды аткаруу керек. Көпчүлүк адамдар бир беткапты жумалап кийип жүргөнүн байкоого болот. Бул туура эмес. Беткапты кийүүдөн мурда колду жууп, анан мурун жана ооз бөлүгү жабылгандай кийүү керек. Качан беткап ным тартып калганда аны дароо алмаштыруу шарт", - деди Алтымышева.

Белгилей кетсек, 23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3519 учур катталды. Алардын ичинен 604ү медицина кызматкери. Илдеттен 2054 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий