• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Көпчүлүк коалиция премьерликке Исаковдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Көпчүлүк коалиция премьер-министр кызматына Сапар Исаковдун талапкерлигин жактырышты.

Жыйындын жүрүшүндө Исаков өзүнүн программасын жана өкмөттүн курамын сунуштады.

Коалиция бир добуштан Исаковдун талапкерлигин колдоду.

Сунушталган КР Өкмөтүнүн жаңы курамы төмөндөгүдөй:

  • КР Премьер-министри – Сапар Исаков;
  • КР биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;
  • КР вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;
  • КР вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;
  • КР вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;
  • КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;
  • КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
  • КР ички иштер министри – Улан Исраилов;
  • КР юстиция министри – Уран Ахмедов;
  • КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;
  • КР экономика министри – Артем Новиков;
  • КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
  • КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;
  • КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;
  • КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
  • КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;
  • КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;
  • КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;
  • КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;
  • КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;
  • КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;
  • КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.

Пикир

Оставить комментарий