• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көпчүлүк коалициянын депутаттары жыйынга чогулушат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Парламенттеги көпчүлүк коалициянын депутаттары бүгүн, 5-мартта жыйынга чогулушат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эл өкүлү Айнуру Алтыбаева (КСДП) билдирди.

Ал маалымдагандай, күн тартибиндеги маселелер менен азырынча тааныша элек. Бирок, эл өкүлү маалымдагандай алар Сотторду тандоо боюнча кеңешке мүчө болчу талапкерлерди карашы мүмкүн.

"Мыйзам боюнча көпчүлүк коалиция Сотторду тандоо боюнча кеңешке мүчө болчу талапкерлерди карайт, андан соң комитет ж.б", - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, парламенттеги көпчүлүк коалицияга КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" жана "Бир-Бол" фракциялары кирет.

Пикир

Оставить комментарий