• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көпчүлүк коалициянын курамына “РАЖ” фракциясы кирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Өкмөттүн тарашы менен учурдагы көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калды, ошондой эле анын курамына дагы “Республика-Ата-Журт” кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтуусунда, көпчүлүк коалицияга Республика-Ата-Журттун кириши тууралуу сунуш киргизилген.

“Бүгүн бардык үч фракция ("КСДП", "Кыргызстан", "Бир бол") сунушту карап көрүп, Республика-Ата-Журттун көпчүлүк коалицияга киришин колдошту. Бир мен гана “каршы” болдум. Эми бардык фракция лидерлери жакынкы арада өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүүлөрү керек”,-деп билдирди ал.

Ошентип, оппозицияда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары калды.

Пикир

Оставить комментарий