• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көпчүлүк коалициясы КР ЖК Төрагалыгына депутат Дастанбек Жумабековдун талапкерлигин сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызмат ордуна “Кыргызстан” фракциясы тарабынан сунушталган депутат Дастанбек Жумабековдун талапкерлиги каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында коалиция депутаттары талапкер Дастанбек Жумабековго ийгиликтерди каалоо менен катар бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти. Депутаттар Акылбек Жапаров, Бакирдин Субанбеков кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында депутат Дастанбек Жумабековдун талапкерлигин колдоо жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо боюнча чечим кабыл алынды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясынын курамына КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирген.

Пикир

Оставить комментарий