• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көпчүлүк журналисттер сөз эркиндиги менен негизсиз ушактын ортосундагы чектен чыгып кетишти – М.Байжиев

Коом 0

Бишкек, 17-март /Мирлан Кийизбаев – Кабар/. Көптөр сөз эркиндиги менен тыюу салынбагандыкты алмаштырып алып жатышат. Юридикалык сабатсыздык өсүүдө. Мындай пикири менен КТРКнын “Ой-Ордо” берүүсүндө драматург, эл жазуучусу Мар Байжиев бөлүштү.

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө биринчи мыйзамынын автору Мар Байжиев КРдагы сөз эркиндигин талкуулоонун жүрүшүндө көптөгөн журналисттер сөз эркиндиги менен негизсиз ушактын ортосундагы чектен чыгып кетип жатышканын билдирди.

“Сөз эркиндиги – бул калп айтуу жана ушактоо дегендик эмес. Каалаганынды айт, бир гана жалган айтпа. Калп айткан соң – жооп бер. Жалган жалаа жапсаң камакка алынасың. Билесиздерби, менимче, юридикалык сабатсыздык болуп жатат. Көпчүлүк сөз эркиндиги менен ушакты адаштырып алышат. Булар ар башка түшүнүктөр”, - деди М.Байжиев.

Драматург ушак – бул атайылап башка адамдын намысына, кадырына шек келтирген, кадыр-баркын кетирген жалган маалымат жайылтуу. Бул үчүн мыйзам боюнча жоопкерчилик каралган, анын жоктугу сабатсыздыкты жаратып жатканын түшүндүрдү.

“Ушак жана сын-пикир – бул ар башка түшүнүктөр. Сын-пикир бул тигил же бул адамдын аракеттерине баа берүү. Жакпаса, сындагыла, бирок далилдүү түрдө. Ушак – бул калп. Адам кылбаган нерсени кылды деп жазып жатасыздар. Бул үчүн камакка алып жана айып салуу керек. Экинчиден – цензура деген эмне? Цензура - бул маалымат жарыяланганга чейин. Биз печать коюлгуча спектаклди көрсөтө алчу эмеспиз. Цензура жарыяланганга чейин болгон. Андан кийинкиси эмне экендигин баалап алыңыздар. Ар түрдүү түшүнүктөрдү чаташтырбагыла”, - деп түшүндүрдү М.Байжиев.

Анын айтымында, сөз эркиндигинин чеги жоголуп бара жатканында мындай кырдаалга жол берген мамлекеттин өзүнүн күнөөсү бар. “Ар бир журналист Конституцияны карманып, мамлекетке камкордук кылып, адамдардын намысын коргоп, ынсаптуулукка чакыруусу керек. Ким чектен чыкса, ага карата чара колдонулууга тийиш”, - деп кошумчалады М.Байжиев.

Пикир

Оставить комментарий