• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көптөгөн соттордун артында опузалоо жана паракорлук иштери болуп келген - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 5-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Көптөгөн “тажрыйбалуу” соттордун артында опузалоо жана паракорлук иштери болуп келгени эсибизде”,- деп билдирди бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев сот реформасы боюнча Кеңештин XII жыйынында.

“2012-жылы сот тутумун 3 багытта реформалоону аныктаганбыз: соттордун кадрдык потенциалын жогорулатуу; сот тутумунун мыйзамдык базасын жакшыртуу жана каржылоо, материалдык-техникалык камсыздоо. Бул багыттардын ар бирине Кыргызстан элинин айта турганы бар. Бүгүн соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңы адамдардын турат. 2012-жылы дайындалган 397 жергиликтүү соттун 263ү буга чейин сот болуп иштешкен эмес. Соттордун арасында жаштар көп. Биз көптөгөн тажрыйбалуу соттордун артынан опузалоо жана паракорлук иштери чубалып жүргөнүн билебиз. Акыркы жылдары кылмыш жообуна тартылган жана кызматынан бошотулган соттордун саны жаш адистердин пайдасына туура чечим чыгаргандыгыбызды ырастайт”, - деди А.Атамбаев.

Анын айтымында, соттор көз карандысыз жана Констититуцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет. Бирок бул жазаланбайт дегенди билдирбейт, ошондуктан, мыйзамдар бардык деңгээлдеги соттордун ишинин ачыктыгын, кабылдаган чечими үчүн жоопкерчилигин камсыздоосу керек. Соттор айкын жана бардык жарандар үчүн ачык болушу керек. Албетте, сот реформасы “Таза коом” программасына киргизилиши зарыл. Соттордун ачык иши, ачык соттук процесстер, сот процесстерин түз алып көрсөтүү – бул нормага айланышы керек.

Пикир

Оставить комментарий