• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күрөөкана менен микрокредиттик компаниялар 2018-жылы 32,6%га көп пайда тапкан

Экономика 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстандагы банктык эмес каржы-насыялык уюмдар 2,1 млрд. сом пайда таап, ал мурдагы жылга караганда 32,6%га өскөн.

Улуттук статистикалык комитеттин эсептөөлөрү боюнча, алардын кирешеси 5,6 млрд. сомду түзгөн. Ал 2017-жылга салыштырмалуу 29%га өскөн.

Кыргызстанда жалпы 626 банктык эмес каржы-насыялык уюм иштейт. Анын ичинде 191 микрокредиттик компания, 269 күрөөкана, 138 насыя бирикмеси жана бир адистештирилген каржы-насыялык мекеме бар. Андан тышкары, өлкө аймактарында алардын айрымдарынын карамагында мекемелер болуп, жалпы филиалдардын саны 267ге жетет. Ал эми, жалпы кызматкерлердин саны 4 миңди түзөт.

2018-жылы банктык эмес каржы-насыялык уюмдар 451 миң кардарга кызмат көрсөтүп, 26,3 млрд. сомго насыя беришкен.

Насыялардын 98,8%ы улуттук валютада, 1,2%ы чет элдик валютада берилген. Карыз алгандардын көпчүлүгү аны узак мөөнөткө алган.

Пикир

Оставить комментарий