• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана журналист Жаныбек Турсунов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 19.03.18 /Кабар/. Кыргызстан коомчулугу орду толгуз чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, журналист жана акын Жаныбек Жумалиевич Турсунов узак оорудан кийин дүйнө салды.

Жаныбек Турсунов 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылында туулган.

1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктагандан соң эмгек жолун мугалим катары баштап, кийин мектептин директору болгон.

Андан кийин Жаныбек Жумалиевич Ат-Башы райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы, Тянь-Шань обком комсомолунун биринчи катчысы болуп дайындалган. Жаныбек Турсунов 29 жашында Кыргыз ССРнин Комунисттер партиясынын Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.

1964-жылдан тарта Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болгон. Жаныбек Жумалиевич 1972 – 1986-жылдары “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин башкы редактору, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы болгон.

Аны менен катар Жаныбек Турсунов 1963-жылдан тартып 1993-жылга чейин алты жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Жаныбек Жумалиевич Турсунов кыргыз элине күжүрмөн кызмат кылгандыгы үчүн бир катар сыйлыктарга татыган, анын ичинде Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу ордендеринин ээси. Жаныбек Турсунов -Нарын облусунун, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.

Жаныбек Турсунов өмүр бою кайсы кызматта болбосун ишине так, таза, чынчыл, карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн иштегенге аракет кылган ишмер катары таанылган.

Жаныбек Турсуновдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө чыныгы патриот жана мыкты адам катары кала берет. Жаныбек Жумалиевич Турсуновдун үй бүлөөсүнө, анын жакындарына терең көнүл айтабыз. Анын жаркын элеси баарыбыздын эсибизде өмүр бою сакталат.

С.Ж. Исаков, А.А. Шадиев, Д.А. Кенекеев, Ч.А. Султанбекова, С.Т. Мукамбетов, С. Жумагулов, Г.К. Кудайбердиева, А. Жумагулов, К. Акназаров, Т. Садыков, Т. Аскаров, Т. Акматов, Ж. Ташыбекова, Б. Акунов, С. Усупов, Т. Ишемкулов, А. Рыскулов, А. Султанбаев, К. Раматов, Ж.И. Саалаев, Э. Нурушев, И. Бекбоев, Т. Темиров, Э.Т. Балбаков.

Пикир

Оставить комментарий