• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көрүнүктүү окумуштуу жана мамлекеттик ишмер Макай Усупов көз жумду

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. 96 жаш куракта көрүнүктүү кыргыз окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардактуу пенсионер Макай Усупов дүйнөдөн кайтты.

Макай Усупов 1924-жылы 3-ноябрда Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. 1942-жылы 18 жашында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Орлов жөө аскерлер окуу жайына (Чарджоу шаары) окууга жөнөтүлгөн. 1943-жылы окуу курсун аяктагандан кийин ал фронтко жөнөтүлгөн. 1943-жылдын май айынан тарта 1945-жылдын 9-майына чейин согушка катышкан. Анын согуштагы алгачкы кармашы Брянск фронтунда Орлов-Курск салгылашында болгон. Андан кийин ал 235инчи Витебск ок аткычтар дивизиясынын 682инчи Кенигсберг Кызыл Туу артилериялык полкунун курамында биринчи Балтика жана экинчи Беларус фронтторунда согушкан. Ал согуш аяктаганга чейин кызмат өтөгөн аскер бөлүмү Чыгыш Пруссиянын борбору Кенигсберг шаарын алууга, Россиянын, Беларустун, Балтика өлкөлөрүнүн көп шаар жана конуштарын бошотууга катышкан. Согушту Германияда аяктаган.

1945-жылдын июль айынан тарта Усупов улуттар аралык милдетин аткарып, ыктыярчы катары Синьцзян элдеринин Гоминьданга каршы кыймылына катышкан. Чыгыш-Түркстан Республикасынын туруктуу аскерлеринин (командачы генерал Исхакбек Мониев) ок аткычтар взводунун командири болуп, Шихо, Цзиньхо шаарларын жана башка конуштарды бошотууга катышкан.

1945-жылдын декабрь айында Кытайдан кайткандан кийин Усупов Совет Армиясынын катарында Кушка шаарындагы 357инчи ок аткычтар дивизиясынын курамында кызматын уланткан. Андан 1947-жылы демобилизация болгон – жалпы 4 жыл 6 ай аскер кызматын өтөгөн.

1947-1951-жылдары Караколдогу мугалимдер институтунда, андан кийин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алган. 1951-1957-жылдар аралыгында Караколдогу мугалимдер институтунда мугалим, жооптуу катчы болуп эмгектенген. Андан кийин "Мугалимдер газетасында" жооптуу редактор болуп иштеген. 1957-жылы Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети жаш журналистти Москвага Жогорку партиялык мектептин газета бөлүмүнө окууга жөнөтөт. Аны ал 1959-жылы аяктайт. Жогорку партиялык мектептен кийин 1962-жылы ал Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы Коомдук илимдер академиясын аяктап, тарых илимдеринин кандидаты даражасын алуу үчүн кандидаттык диссертациясын жактайт.

Жетекчилик М. Усуповдун мыкты сапаттарын байкап, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин лектордук тобунун жетекчиси кызматына, андан кийин Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин жана Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин алдындагы партиялык-мамлекеттик көзөмөл комитетинин илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындайт.

Анын илимий мекемелердеги тажрыйбасы, эмгекчилдиги, эң негизгиси Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын изилдөө дымагы анын илим менен алектенүү тилегинин ишке ашышына жол ачкан. 22 жыл – 1961-1991-жылдар бою өлкөнүн Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдында партия тарыхынын институтунда – Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы марксизм-ленинизм институтунун филиалында партия тарыхы секторун жетектеп иштеген. 1972-жылы СССРдин Министрлер Кеңешинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен Усуповго "партиялык курулуш" адистиги боюнча улук илимий кызматкер наамы берилген.

Ал эмгек кылган жылдары жалпы 115 басма барак илимий иштерди жарыялаган. 1983-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы марксизм-ленинизм институтунун Казак филиалында (Алматы шаары) "Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстан Коммунисттик партиясы" темасында доктордук диссертациясын жактаган. Эскерүү китебинин редакциялык коллегиясында иштеп жатып "Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстан" соңку жыйнак томунун киришүү, корутунду жана 8 негизги бөлүмүн жазган. Чогултулган документалдык – анын ичинде СССР борбордук архивдеринин – материалдарынын негизинде Кыргызстандын элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымын жана ордун илимий түрдө негиздеген.

Макай Усупов Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы үчүн СССРдин бир катар өкмөттүк сыйлыктарын алган: экинчи даражадагы Улуу Ата Мекендик согуштун ордени, "Эрдик үчүн" эки медаль, "Кенигсбергди алгандыгы үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" ж.б. медалдар (жалпы 18).

Ал бир гана мыкты окумуштуу жана мамлекеттик ишмер эмес, камкор жолдош, ата жана чоң ата болгон. Ал жубайы Мария Айылчиева менен бирге 65 жылдан ашык убакыт түтүн булатып, 4 бала, 5 небере жана 2 чөбөрөнү тарбиялаган.

Маркум Макай Усуповдун үй-бүлөсү тууган жана досторун учурда өлкөдө болгон кырдаалга байланыштуу акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуудан баш тартууга чакырат.

"Сиздерден үйдө болууңуздарды сурайбыз. Кийинчерээк мүмкүнчүлүк түзүлгөн убакта биздин улуттук каада-салттарга ылайык куран окутулат жана сиздерге кабар берилет", - деп билдирет Усуповдун үй-бүлөсү.

"Кабар" агенттигинин жалпы жамааты Макай Усуповдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий