• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көрүнүктүү театр жана кино актёру Асанкул Осмонов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 26.03.23./Кабар/. 2023-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.

1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн.

1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан.

1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган.
1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-мартта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий