• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков кантип финалга чыкты (видео)

Спорт 0


Бишкек, 27.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мушкер Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатындагы жарым финалда Кытайлык – Лигу Цаону утуп финалга чыкты.

Шаршенбеков (55 кг чейин) кытайлык спортчуну 8:0 эсебинде жеңди.

Беттеш эреже бузуулар менен эсте калды, калыска оюнду токтотууга туура келди. Видеодон көргөндө маалым болгондой, Цао кыргыз спортчусунун бутун кыпчып алган.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында күрөш боюнча Азиянын чемпиону өтүүгө, ага Азиянын 38 өлкөсүнөн спортчулар катышууда.

Кыргызстандык дагы бир спортчу Урмат Аматов (63 кг чейин) финалга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий