• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин жыйынтыгы: Кыргызстандын куржунунда бир медаль бар

Спорт 0

Бишкек, 6.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Болгарияда өтүп жаткан кадеттер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги жыйынтыкталганы Бириккен күрөш уюмунун (UWW) сайтында жарыяланды.

София шаарында 29-июлдан 4-август аралыгында өткөн турнирде Кыргызстандын курама командасы грек-рим, эркин жана кыздар арасындагы күрөш боюнча күч сынашкан.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпы эсепте 18 упай менен 15-орунга илинген. Грек-рим боюнча 18 упай менен 17-орунга жайгашкан. Кыздар арасындагы күрөштө 44 упай менен 9-орунду ээлеген.

Турнирде жалгыз медалды Калмира Билимбек кызы багынткан. Ал 53 кг чейинки салмак ченинде кытайлык спортчуга 4:0 эсебинде жеңилип 2-орунду камсыз кылган.

Ал эми, Владислав Никандров (45кг), Жанболот Туратбеков (60кг) жана Назик Мирлан кызы (43кг) коло медаль үчүн күрөштө утулуп калышкан.

Пикир

Оставить комментарий