• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) жарым финалдык беттеште түндүк кореялык атаандашын утуп, финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште Тыныбекова Түндүк Кореянын балбан кызы Йонг Сим Римди 7:0 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык балбан кызды жеңсе, андан кийинки таймашта япониялык спортчудан мыкты чыккан.

Чейрек финалда Тыныбекова украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукту 9:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Аны менен бирге ал келерки жылы Токиодо өтөт турган Олимпиада оюндарына жолдомо ала алган.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий