• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Куттуктайбыз! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрь күнү Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) болгариялык атаандашын утуп, Дүйнө чемпиону аталды. Муну менен ал Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.

Тыныбекова финалдык кармашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн менен күч сынашып, атаандашын 5:3 эсебинде жеңди.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык балбан кыз Алехандра Ромеро Бонилланы 8:0 эсебинде жеңсе, андан кийинки таймашта япониялык спортчу Юкако Каваиден мыкты чыккан.

Чейрек финалда Тыныбекова украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукту 9:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Аны менен бирге ал келерки жылы Тоикодо өтө турган Олимпиада оюндарына да жолдомону ала алган.

Жарым финалдык беттеште Тыныбекова түндүк кореялык Ёнг Сим Римди 7:0 эсебинде уткан.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий