• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова жарым финалга чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова үчүнчү беттешинде украиналык балбан кызды жеңди.

Үчүнчү беттешинде украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукту жеңген (6:9) Тыныбекова жарым финалга чыгып, аны менен бирге жайкы Олимп оюндарына жолдомо утуп алды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык балбан кызды жеңсе, андан кийинки беттеште япониялык спортчудан мыкты чыккан.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий