• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күрөш боюнча кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Акылбек Талантбеков коло медаль тагынды

Спорт 0


Бишкек, 07.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Грециянын Афина шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Акылбек Талантбеков коло медаль утту. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 5-6-сентябрда Афина шаарында өткөн.

Акылбек Талантбеков 76 килограммга чейинки салмакта үчүнчү орун үчүн мелдешке түшүп, Финляндиялык Отто Кетонанды 6:1 эсебинде жеңген.

“Мени колдоп, мага ишенгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем. Алтын ута албай калдым, бирок баары алдыда”,-деп жазган ал өзүнүн интернет баракчасында.

Пикир

Оставить комментарий