• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күрөш боюнча машыктыруучуларга “КР дене тарбия жана спортунун отличниги" наамы ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги" наамы күрөш боюнча бир катар машыктыруучуларга берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги" наамы төмөнкү адамдарга берилди:

  • Азат Эркимбаев, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
  • Улукбек Карачолоков, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу;
  • Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү боюнча ага машыктыруучу (U-23);
  • Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу (U-23);
  • Айбек Монолов, күрөш федерациясынын вице-президенти;
  • Ахрор Иминов, күрөш федерациясынын вице-президенти.

Ошондой эле кадеттер арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча ага машыктыруучу Үсөналы Рыскулов жана өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу Нурдин Донбаев Мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу салтанаты күрөш федерациясы тарабынан уюштурулган 2020-жылдын жыйынтыгы менен күрөш түрлөрү боюнча спортчуларды сыйлоо аземинин алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий