• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Күрөш боюнча мелдеш: Кыргыз балбаны Бексултан Назарбаев коло үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бексултан Назарбаев Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт.

Спортчу 82 кг салмак категориясында беттешип, өзбекстандык балбанды 5:1 эсебинде жеңип,. түркиялык балбанга 9:1 эсебинде утулуп калды.

Белгилей кетсек, Бексултан Назарбаев коло медаль үчүн өзбекстандык балбан Нурбек Хашимбеков менен күч сынашат.

Финалдык беттештер, саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 1-4-июнга чейинки аралыкта Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий