• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Бексултан Назарбаев коло байгеге ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 02.06.23./Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бексултан Назарбаев Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште коло байгеге ээ болду.

Спортчу 82 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Назарбаев алгачкы беттешинде өзбекстадык балбанга 5:1 эсебинде, экинчи кармашта түркиялык балбанга 9:1 эсебинде жеңилген.

Коло байге үчүн беттеште өзбекстандык балбанды 5:4 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий