• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө кубогуна катыша турган балбандардын тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү 12-декабрдан 18-декабрга чейин Белград шаарында (Сербия) өтө турган спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, күрөштүн түрлөрү боюнча төмөнкү балбандар мелдешке катышат:

Грек-рим күрөшү (2020-жылдын 10-16-декабрь күндөрү):

1. Балбай Дордоков – 55 кг;
2. Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
3. Калы Сулайманов – 63 кг;
4. Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
5. Руслан Царев – 72 кг;
6. Акжол Махмудов – 77 кг;
7. Кайрат Туголбаев – 82 кг;
8. Атабек Азизбеков – 87 кг;
9. Узур Жусупбеков – 97.

Эркин күрөш (2020-жылдын 15-20-декабрь күндөрү):

1. Бекболот Мырзаназар уулу – 57 кг;
2. Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
3. Эрназар Акматалиев – 65 кг;
4. Ислам Орозбеков – 70 кг;
5. Саякбай Усупов – 74 кг;
6. Арсалан Будажапов – 79 кг.

Кыз-келиндер күрөшү (2020-жылдын 12-18-декабрь күндөрү):

1. Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;
2. Айпери Медет кызы – 76 кг;
3. Мээрим Жуманазарова – 68 кг;
4. Нураида Анаркулова, – 57 кг;
5. Назира Марсбек кызы – 59 кг.

Белгилей кетсек, спортчулардын Дүйнө кубогуна катышуусу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий