• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Күрөөгө коюлган мүлктөрдү өндүрүп алууга байланыштуу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү максатында КР Жарандык кодексинин 221, 335 жана 336-статьяларына, ошондой эле “Күрөө жөнүндө” 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 мыйзамдын 2, 10, 16, 58 - 63 жана 79-статьяларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий