• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор үчүн сынак жарыяланат

Маданият 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. “Азыркы адабият”,“Дүбүрт”, “Дүйнөлүк адабият”, “Дүйнө” серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду, балдар үчүн сүрөттүү (иллюстрацияланган) китептерди, усулдук колдонмолорду жана сөздүктөрдү басып чыгаруу үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан сынак жарыяланат.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдиргендей, сынактын максаты:

  • “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын” ишке ашыруу;
  • Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерде балдарды мамлекеттик тилде окутууга арналган мыкты усулдук колдонмолорду, тармактык энциклопедияларды, көркөм чыгармаларды, хрестоматияларды, сөздүктөрдү ж.б. басмадан чыгаруу;
  • Акын-жазуучуларга, жаш калемгерлерге жана котормочуларга чыгармачыл дем берүү жана колдоо;
  • Кыргыз адабиятын өнүктүрүү, жайылтуу;
  • Котормонун деңгээлин көтөрүү, өнүктүрүү;
  • Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн которуу аркылуу мамлекеттик тилде окуганга мүмкүнчүлүк түзүү, мамлекеттик тилди өздөштүрүүгө өбөлгө жаратуу.

Сынакка катышуу үчүн эмгектерди 2018-жылдын 2-апрелинен кечиктирбей Microsoft Word документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде даярдап, электрондук түрдө mamtil-synak@mail.ru дарегине жиберип жана кагаз түрүндө (1 нускада) тапшыруу зарыл. Ошондой эле, автор же котормочу жөнүндө толук маалымат: өмүр баяны, дареги, байланыш телефондору, сапаттуу сүрөтү(электрондук түрдө) берилиши керек;

Толук маалыматты Улуттук комиссиянын mamtil.kg расмий сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий