• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүү кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Белгилүү казак спортчусу, көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүү кармалды, -деп билдирет "Казинформ".

“Денис Тендин өлтүрүлүшү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-аракеттин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Экинчи шектүүнү кармоо боюнча издөө иштери жүрүүдө. Тергөө иштерине байланыштуу башка маалымат айтылган жок”, -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 19-июль кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, операция эки саатка созулган. Бирок спортчунун негизги органдары жабыркап, үч литрге жакын кан жоготкондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Шаардык ички иштер департаментинен билдиришкендей, Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий