• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үңкүрлөр, жарганаттар жана Айгүл гүлү. Баткен облусуна саякат

Дүр дүйнө 0

Кыргызстан ачыла элек “сыр сандык” сыяктуу, чет өлкөлүк туристтер үчүн чоң кызыгуу жаратып келет. Цивилизациянын буту баса элек жерлерине саякаттап келгендердин саны арбын. Бирок көп туристтер көнүп калган Ысык-Көл, Сулайман-Тоо, Арсланбоб жана башка ушул сыяктуу белгилүү жерлерди гана билип, алардан тышкары толгон-токой кызыктуу жерлер белгисиз калууда. Биз өзүбүздүн белгилүү болуп калган “Кеттик” рубрикабызда ар бир облустун кооз жерлери тууралуу айтып берип, бул ирет жашылча-жемишке бай Баткен облусуна саякатка чакырабыз.

Баткендин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан, сырдуу жомоктой. Анын тоолорунун, жайлоо, капчыгайларынын кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Бул дубан тоолуу аймак болгондуктан, альпинизм, треккинг, сафари, велосипед жана параглайдинг сыяктуу активдүү жана экстремалдуу эс алууларга абдан ыңгайлуу.

Андан тышкары Баткен облусунда жарганаттар толгон үңкүрлөр да көп. Үңкүрлөрдү кыдыруу же башкача айтканда спелеотуризм сүйүүчүлөрү үчүн сөзсүз каска, чырак жана жабык кийим менен баруу сунушталат. Ал эми тынч эс алууну жактыргандар үчүн Баткендин кенен жайлоолору өз кучагын жаят.

Баткенде аба ырайы абдан ысык болгондуктан, сөзсүз түрдө күндөн сактай турган көз айнек, баш кийим, күнгө каршы бетмайларды алуу сунушталат. Бирок кол чатыр, жылуу кийим алууну да унутпаңыздар, анткени аба-ырайы бул жакта кескин өзгөрүп кетүү мүнөзгө да ээ.

Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен, түштүк областарынын эң алысы Баткен обласына болгон сапарыңыздар узак, бирок кызыктуу жана абдан даамдуу болоорунан шек санабаңыздар.

Ай-көл – Баткен облусунун Саркент улуттук жаратылыш паркынын аймагында 3000 метр бийиктикте жайгашкан көл. Ал Памир-Алайга кирген Түркестан тоо-кыркаларында жайгашкан. Көлдүн аты формасы менен айга окшош ийилген түрдө болгондуктан “Ай-Көл”деп аталып калган.

Бирок, көл жээгине барып, аны жакындан көрүп, жээк бойлой сейилдөөгө мүмкүн эмес. Антени ал бийик аска-зоолор менен курчалып турат. Ал көлдүн кооздугун бийиктиктен гана көрүүгө болот. Ай-көл кышында толугу менен тоңуп, жаз мезгилинде ээрийт.

Ошол себептен көлгө барууну каалагандарга тек гана күчтүү унаа менен бул жерге барган, жолду жакшы билген тажрыйбалуу адамдын коштоосунда баруу сунушталат.

“Саркент” мамлекеттик жаратылыш паркы

Жаратылыш парктын иши - биологиялык көп түрдүүлүктүн жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрүн сактоо жана коргоого багытталган. Парктын аянты 66194 га, бийик тоолуу, арча токою курчаган кооз тоодогу беш көлү бар. Андан тышкары парк жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрүнө бай. Алар кызыл китепке кирген көптөгөн илбирстер, сүлөөсүн, күрөң аюу, бүркүт, ителги, кумай ж.б.

Парктын аймагында бийик толуу аскалар, кичине жана чоң үңкүрлөрү көп.

“Саркент” токоюнун көбүн арча түзүп, анын аянты 9 миң гектарга жетет. Паркта арчанын төмөнкүдөй түрлөрү өсөт: зеравшан арчасы, жарым шар арчасы, түркестандын арчасы. Илимдер академиясынын кызматкерлери 2012-2014 жылдары “Саркентте” өсүүчү 2 жаңы өсүмдүктүн түрлөрүн аныкташкан.

Бул жаратылыш паркында сейилдеп жүрүп, ал жактан аюу, бүркүт жана башка жаныбарларды жолуктурууга болот. Ал эми эс алуучулар үчүн атайын боз үйлөр тигилген. Ал жакка барган коноктор тоо кымызын, бозо, курут, сары май сыяктуу кыргыздын улуттук тамак-аштарын татып көрө алышат.

Кан-и-Гут үңкүрү - Баткендин түштүк жагында жайгашып, облуста чоң маданий жана тарыхый мааниге ээ. Аталган үңкүр Улуу Жибек Жолу доорунда абдан белгилүү болгон.

Алгач бул үңкүрдө күмүш кени болгон. Европада Авиценна катары белгилүү Абу Али ибн Синанын эмгектеринде да ал тууралуу айтылат. Маалыматтарга ылайык, бул кенди 1500 жыл казып келишкен жана бүгүнкү күнгө чейин үңкүрдүн реалдуу көлөмү тактала элек. 2017-жылы үңкүрдүн жарымы изилденип, анын учурдагы узундугу 6 чакырымды түзөт, бирок көмүскөдө “элдин көзүнөн” канча бөлүгү катылып жаткандыгы белгисиз.

Бул үңкүрдүн ичинде байыркы элдердин тамдарга жазган жазуулары, ошол кезде кенди казуу жумуштарынын калдыктары сакталган.

Үңкүргө байланыштуу көп уламыштар айтылып келет. Эң кызыктуусу, байыркы жылдары анын ичинде эбегейсиз байлыктар катылгандыгын, жана ошол байлыктарды табуу үчүн өлүмгө өкүм чыгарылган адамдарды жиберишчү. Алар үчун эки гана жол болгон: ошол катылган байлыктарды таап, аман калуу же ошонун ичинде адашып өлүү. Көп жылдар бою ошол Кан-и-Гут үңкүрү хандарга баш ийбегендер үчүн түрмө катары да колдонулуп келген.

Ал эми XIX кылымдан тарта изидөөлөр жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин бул үңкүр окумуштууларды таң калдырып келет. Кан-и-Гут дагы да болсо аягына чейин изилденип бүтө элек уникалдуу маданий жана тарыхый эстеликтердин бири.

Үңкүрдүн ичинде жарганаттар көп, ошол себептен ал жака кирүүнү каалагандар сөзсүз түрдө жабык кийим, баш кийим, бутуна басканга ыңгайлуу ботинка кийүүсү сунушталат. Ал эми эгер сиз жарганаттардан же караңгыдан корксоңуз, анда Баткенде ажайып кооз жайлоолоруна барып, ошол жакта пикник кылып, эс алуу сунушталат.

Каравшан капчыгайы

Каравшан капчыгайы – бул жаратылышы менен кудум калифорниянын Йосемити паркына окшош. Ал Баткендин батышында Түркестан тоо кыркаларында жайгашкан. Бул жердеги тоолордун бийиктиги 5500 метрди түзүп, жүрүү жолдору “компьютердик оюндардын жогорку деңгээлдеги оорлоштурулган” версиясы сыяктуу абдан кыйын.

Кыргызстанда жана альпинистердин арасында белгилүү “Пирамида” чокусу так ушул тоо кыркаларында жайгашкан.

Альпинизм сүйүүчүлөрү үчүн бул эн ыңгайлуу жер. Ошондой эле жөө туризм же башкача айтканда треккинг үчүн да абдан кызыктуу капчыгай. Бирок, бул жакка унаа жүрүүчү жол жок. Ал эми жөө басууну жакшы көргөндөр узак жолго даяр болуулары керек, анткени жакынкы айылдан Каравшан капчыгайына чейин жөө эки күндө басып жетүүгө болот.

Сары – Тоо

Баткендин Самаркандек айылында жайгашкан Сары-Тоо жергиликтүү калктын арасында абдан белгилүү. Маалыматтарга ылайык, илгери бул жерде Сармат деңизи болгон. Кийин ал кургап калган. Бул жерден байыркы деңиз кабыктарын, 485 млн. жыл мурун өскөн өсүмдүктөрдүн калдыктарын көрүүгө болот.

Бул тоонун беттери түркүн түстөгү гүлдөргө толуп, агарган таштар, көк асман биргелешип, өзгөчө бир керемет көрүнүштү берет. Жергиликтүү туристтер бул жерге көп учурда кино жана учурда белгилүү болгон “Love story” тасмаларын тартуу үчүн көп келишет. Ал жакка барууну каалагандарга тажрыйбалуу, жолду жакшы билген айдоочу менен баруу сунушталат.

Ай-гүл Таш

Баткендин эң бир бергилүү жери болуп Айгүл гүлү гүлдөгөн Ай-гүл Таш тоосу саналат. Ай-гүл тоо Баткен шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Тоонун тескей жагында көлөкөдө белгилүү Айгүл гүлү өсөт. Анын аталышы бекеринен эмес. Ал күндөн жашынып, тоонун көлөкө тарабында гана өсөт жана бул гүл Кыргызстандан башка эч жерде өспөйт.

Ал гүл абдан кооз. Көлөмү боюнча чоң жана өңү сары-кызгылт. Түзүлүшү менен жоогазынга окшош, бирок көлөмдүү. Ал жылы бир гана апрель айында эки жумадай убакыт гүлдөйт. Калган убакта аны көрүү мүмкүн эмес. Гүлдү көп жолу башка жерге которууга аракеттер көрүлгөн, бирок андан майнап чыккан эмес.

Аталган гүл “Кызыл китепке” киргизилип, аны үзүүгө жана ошол тоого мал жаюуга тыйюу салынган. Бул талаптарды аткарбагандарга айып салынат.

Айгүл Баткендин символу болуп эсептелип. Ал гүлдөгөн маалда облуста майрамдар уюштурулат.

Айгүл гүл тууралуу бир нече уламыштар айтылып келет, алардын бири ошол гүлдүн гүлдөп жатканын ким биринчи көрсө, ал келечекте абдан бактылуу болот. Кыргызстанда бул гүлдүн урматына көп адамдар кыздарына Айгүл деген ысым ыйгарышат.

Сүрөттөр Too.kg, time.kg, nabu.kg сайттарынан алынган

Даярдаган Салтанат Абдраева.

Пикир

Оставить комментарий