• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Кыргызстандагы Күрп-Сай ГЭСине белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмы ыйгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаровдун катышуусунда өткөн.

«Турдакун Усубалиев өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. Республиканы жетектеп турган кезде өлкөнүн экономикалык негизин түзүүгө жана бекемдөөгө көп көңүл бурган», - деп билдирип, Т.Усубалиевдин тушунда өлкөдө 100дөн ашуун өнөржай ишканалары ачылган, анын ичинде ГЭСтер, эл аралык «Манас» аэропорту, заводдор, музейлер ж. б. деп кошумчалады Назаров.

Ал баса белгилегендей, гидроэнергетика – Усубалиев өзгөчө көңүл бурган тармак болгон.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Турдакун Усубалиев тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий