• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

К. Шабданбаев IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар боюнча жыйын өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев 2021-жылы Түркия Республикасында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттун улуттук түрлөрү боюнча курама командалардын даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Спорттук улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басарлары, улуттук спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын спортчуларын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өз убагында жана сапаттуу даярдоонун маселелери каралды.

Канат Шабданбаевдин айтымында, жолугушуу учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана иш планга өзгөртүү киргизүү максатында өткөрүлдү.

«Спорттун улуттук түрлөрү боюнча курама командалардын даярдыгы үчүн бардык жоопкерчилик Мамагенттикке жүктөлгөн. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялардын бардык өкүлдөрүнөн коюлган маселелерге чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоону, бардык талаптарды жана тапшырмаларды так аткарууну суранам», - деп белгиледи Шабданбаев.

Мамагенттиктин директору Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга 13-ноябрга чейин федерациялар менен биргеликте спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук жабдууларды стандартташтырууну иштеп чыгуу керектигин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий