• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Күтүүсүз текшерүү. Ош облусунун башчысы Кара-Суу районунда болду

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кечээ, 19-январь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок экени аныкталды. Ош облусунун башчысы айыл өкмөт кызматкерлерине жарандардын кайрылууларына убагында реакция кылып, алардын көйгөйлөрүн жеринде тез арада жана ыкчам чечүү тапшырмасын берди.

“Мага Сары-Колот айыл өкмөтүнүн тургундары айыл өкмөт башчысы иш убагында жумуш ордунда болбойт деп кайрылышкан. Мен бул маселени чын же жалган экенин текшерүү үчүн өзүм жеринде келип көрдүм. Чынында мен келгенде айыл өкмөт башчысы жана өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок болуп чыкты. Бирок, айыл өкмөт кызматкерлери өкмөт башчы менен жооптуу катчыны жумуш менен районго кеткенин айтышты. Биз териштиребиз, эгерде чынында иш убагында жумушка келбей жатканы аныкталса, анда чара көрөбүз", - деди Зиядин Жамалдинов

Ошондой эле Ош облусунун башчысы мындай текшерүүлөр Ош облусундагы башка айыл өкмөттөрүндө да жүрөт деп кошумчалады.

Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов Сары-Колот айылындагы ФАПтын ишмердүүлүгү менен жана Шералы айылындагы орто мектебинин имаратынын абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий