Күтүүсүз жеңилүү! Сенегалдын командасы Польшаны 2:1 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 20.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын «Спартак» стадионунда Польша мененСенегалдын курама командалар арасындагы оюн 2:1 эсебинде Сенегалдын пайдасына чечилди.

Оюндун 37-мүнөтүндө Сенегалдын оюнчусу Гейенин тепкен тобу Польшанын коргоочусу Ционектин бутуна тийип автоголго айланды.

2-таймдын 60-мүнөтүндө чабуулчу Ньянг Польшанын оюнчусунун катасын колдонуп гол киргизгенге жетишти. 86-мүнөтүндө көтөрүлүп берген топту Польшанын жарым коргоочусу Крыховяк башы менен сүзүп эсепти 2:1ге өзгөрттү.

Белгилей кетсек, эки курама команда тарыхта биринчи жолу бири-бирине каршы оюн өткөздү.

Пикир

Оставить комментарий