• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көзү азиз жарандардын 142си укалоочу адистикке ээ болуп чыгышкан

Коом 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Кечээ, 5 – ноябрдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын алдындагы медициналык орто окуу жайын жабуу тууралуу маселени карады. Бул багытта депутат Д. Бекешев баяндама жасады.

Маалымкатта айтылгандай, көзү азиз жарандардын 142си жогоруда аталган окуу жайды аякташкан. Алардын 50 – 60 %ы ооруканалар менен поликлиникаларга, реаблитациялык жана ден соолукту чыңдоочу борборлорго ишке орношкон. Эки жыл окуган андагы студенттердин дипломдору кеңири таанылат. Алардын кесипке даярдоочу материалдык – техникалык базасы да жакшы деңгээлде жабдылган.

Талкууда КР вице – премьер – министри Алтынай Өмүрбекова да маалымат берип, учурда аталган окуу жайда болгону 18 гана студент окуп жаткандыгын эске салып, бул ашыкча каражат сарптоого алып келгендиктен, аталган укалоочулардын курсун медициналык колледждин базасына которуу сунушу көтөрүлгөндүгүн билдирди.

Жыйынтыгында тармактык комитет студенттер контингентин көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, Өкмөт өкүлүнүн маалыматын эске алынсын деп таапты. Ошондой эле Өкмөткө И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын алдындагы медициналык орто окуу жайын жабуу тууралуу маселени кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле бул жолку олтурумда “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мызам долбоору да каралып, бул багытта Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри У. Кочкоров баяндама жасады.

Пикир

Оставить комментарий