• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көз карандысыздыкка 29 жыл. Саясий серепчи Кайрат Осмоналиев өлкөнүн негизги жетишкендиктери тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 29 жыл толуп отурат. 1991-жылы 31-август күнү Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгы тууралуу жарыялаган. Көз карандысыздыкты алгандан кийин Кыргызстан Советтер Союзунун мурдагы өлкөлөрүндөй эле оор өткөөл мезгилди башынан кечирди. Көз карнадысыздык алгандан берки өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу юридика илимдеринин доктору, саясий серепчи Кайрат Осмоналиев айтып берди.

"Ушул көз карандысыздыктын 29 жылынын ичинде биз бир туура нерсеге жетиштик - бизде демократия өнүгүп, күчтүү жарандык коом бар жана тең салмактуулук бар. Бизде коңшу мамлекеттердей тоталитардык же авторитардык мамлекетке айлануу тобокелчилиги дайыма болгон. Мурдагы өлкө башчылар да ар кандай жол менен аны жасоого аракет кылган. Бирок биз балансты сактап калдык. Ошондуктан биз, биздин аймакта гана эмес, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр ичинде да демократиялуу өлкө деп эсептелсек болот", - дейт ал.

Анын айтымында, бизде күчтүү жарандык коом бар.

"Пандемия да биздин мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер болбогон жарандар бар экенин көрсөттү. Аны ыктыярчылык кыймылдар далилдеди. Арийне биз экономикабыз менен мактана албайбыз. Бирок миграцияга карабай бизде адамдар бар, биз адамдык ресурстарды сактап калдык. Кырдаал бул жакта калган адамдар өлкөнү алдыга жылдыра аларын көрсөттү", - дейт ал.

Осмоналиев билдиргендей, дагы бир жетишкендиктердин бири жаңы шайлоо системасы.

"БШКнын мүчөсү катары биз прогрессивдүү, алдыңкы шайлоо моделине өткөнүбүздү айткым келет. Биз биометрикага өтүп, шайлоо кутулары эсепти автоматтык түрдө жүргүзөт. Аны чоң жетишкендик деп эсептейм. Аймактагы коңшулардын бири да андай нерсеге барууга батынган жок. Жарандык коомдун өсүшү да манилүү жеткишкендиктердин бири. Бүгүнкү күнү авторитардык же тоталитардык режимди түзүүгө өбөлгө жок. Ошон үчүн бийлик балансты кармап турат. Ошондуктан биз аймакта демократия аралчасы болгонбуз жана болуп келүүдөбүз", - дейт ал.

Анын айтымында, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча да жакшы орундарды ээлеп келет.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын азыркы учурдагы жетишкендиктери эгемендүүлүктү алган кездеги алгачкы кадамдары менен байланыштуу.

"Жалпысынан биздин тышкы саясаттын коңшу мамлекеттерден жакшы же жаман жакка айырмачылыгы жок. Биз чакан өлкө экенибизди, өз алдынча актор боло албай турганыбызды түшүнүшүбүз керек. Бул жерде геосаясаттын орду чоң. Бирок Кыргызстан геосаясий байланышта тең салмактуулукту кармап келет. Геосаясатта өтө чоң каталарды кетирген жокпуз. Айрым кемчиликтер болду, бирок ал нерсе Кыргызстан дайыма эле принципиалдуу позицияны карманбаганы менен байланыштуу. Ошентсе да биздин аймакта гана эмес, дүйнөдө да тышкы саясий имиджибиз жаман эмес. Өлкөнүн тышкы саясий имиджи менен байланышкан Көчмөндөр оюндары сыяктуу кызыктуу иш-чараларды өткөрдүк. БУУ жана башка эл аралык институттар арасындагы кадыр-баркыбыз начар эмес деп айтууга болот. Менимче башында - эгемендүүлүктү алган учурда жакшы негиз салынып, анын аркасы менен алдыга жылып бара жатабыз", - дейт.

Пикир

Оставить комментарий