• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Күз келди! Бишкектин кайсы жерлеринде 4 миң сомдук көмүр сатылууда?

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте 4 миң сомдук көмүр сатылууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

“Көмүр салдырып жатканда өзүңүздөр карап туруңуздар, сатуучулар биздин кызматкерлер эмес. “Майда салып берип койду” деп нааразычылыкты бизге айтпай, сатып алып жатканда эле маселени жеринен чечип алганыңыздар туура”, - дейт Зоотбекова.

Көмүр сатылып жаткан жерлердин даректери:

  • Мурманский көчөсү, 6;
  • Мурманский көчөсү, 4а/2 (Кыргыз темирдин аймагы);
  • Алыкулов көчөсү, 6;
  • Алма-Ата көчөсү (Айланма жол);
  • Кара-Жыгач конушу (Анкара көчөсү, 1/1, Төкөлдөшкө кире бериште),
  • Ак-Босого конушу (Чүй көчөсү, 14/Архитекторская),
  • Ден-Сяопин көчөсү, 306 А.

Пикир

Оставить комментарий