• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Күз-кыш мезгилинде маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт – Улуттук энергохолдинг

Экономика 0

Бишкек, 30.10.18. / Кабар/. Күз-кыш мезгилинде маал-маалы менен жарыкты өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКтын генерация жана энергия берүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСинде суунун аз топтолушунан же таратуучу бөлүктүн кубатынын аздыгынан улам мезгил-мезгили менен жарык өчүрүүлөр болгон.

“Тактап айтканда, өлкөбүздүн түштүк жана түндүк энергосистемасын бир линия бириктирип турган. Ал Токтогул ГЭСи менен Фрунзе көмөк чордону. Алар аркылуу өлкө түндүгүнүн керектөөсүнүн 60%ы берилсе, 40%ы Өзбекстан жаан Казакстан аркылуу келген. “Датка-Кемин” курулуп, ишке берилгенден кийин электр тогун маал-маалы менен өчүрүү маселеси чечилген. Жакында эле 519 линиясында оңдоо иштери болуп, аны өлкө ичинде эч ким билген жок. Оңдоо маалында алар “Даткан-Кеминге” кошулган. Бул энергосистеманын ишенимдүүлүгү артканын жана болжолдуу 40%дык чектөөдөн өткөнүбүздү көрсөтүп турат”, - деди Байгазиев.

Ошондой эле Байгазиев жарык өчүрүүлөрдөгү экинчи маселе суунун аздыгына байланыштуу болгонун айтты.

“Башкача айтканда, жайында суу аз болгон мезгилде, анын көлөмү 4 млрд. куб метрге чейин түшкөн учурларда. Кышкы керектөөнү жабыш үчүн жайында 8 млрд. куб метр суу чогултуу керек. Ошондуктан, азыр жарыкты мезгил-мезгили менен өчүрүү маселеси жок. Бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 18,8 млрд. куб метрди түзүүдө. Бул калк керекөөлөрүн камсыздоого жетет”, - деди Байгазиев.

Пикир

Оставить комментарий