• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күз-кыш мезгилинде жарыктын өчүрүлүшүн болтурбоо үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө - Мамыралиев

Коом 0

Бишкек, 12.08.20./Кабар/. Күз-кыш мезгилинде жарыктын өчүрүлүшүн болтурбоо үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жабдыктарын иштетүү жана оңдоо кызматынын башчысы Улугбек Мамыралиев билдирид.

Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,4 млрд куб метрди түзүүдө. Сентябрь айына жакын так прогноз берилет. Учурдагы эсептер боюнча суунун көлөмү 14,9 млрд куб метрге жетет.

"Кыш мезгилинде жарыктын өчүрүлүшүн болтурбоо үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Капиталдык жана башка оңдоо иштер жүргүзүлдү. Андан тышкары Казакстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча иш жүрүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий