• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Күз-кыш мезгилине даярдык: Бишкек ЖЭБине Казакстандан 400 миң тонна көмүр алынат

Коом 0

Жалал-Абад, 04.06.19. /Кабар/. Өкмөттүн токтомуна ылайык күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек Жылуулук электр борборуна 1 млн. 140 миң тонна көмүр сатып алынат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Исланбек Сарсейитов билдирди.

Анын айтымында, ал көмүрдүн 400 миң тоннасы Казакстандан алынып келет.

"Калган 680 миң тонна Кара-Кечеден, 60 миң тонна Таш-Көмүрдөн алынат", - деди ал.

Ошондой эле ал, 32 млн. куб газ жана 4 миң тонна мазут алынарын белгиледи.

"Оштун ЖЭБине 22 миң тонна мазут жана 5 млн. куб газ керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий