• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы астында алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдык боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Бишкек шаарынын төрт районунун акими, шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери баяндамалары менен сөз сүйлөштү.

Штабдын мүчөлөрү электр энергиясын керектөө лимити боюнча иш-чаралардын планын аткарууну талкуулашты, калкка көмүр даярдоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай компенсация төлөө ишинин жүрүшү, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, атап айтканда, ЖЭБ жана "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын отканаларындагы электр чыпкаларын оңдоо.

Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга жылуулук мезгилине карата даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын күчтөндүрүү тапшырмасы берилди. "Түндүк электр" ААК жана акимиаттар калк жана чарба субъекттери тарабынан электр энергиянсын керектөө боюнча бекитилген лимиттердин сакталышына чараларды көрүшсүн. Ошондой эле борбордун ЖЭБден жана "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын от казандарынан атмосферага чыккан зыяндуу заттарды кыскартуу боюнча туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий