• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Күз-кыш мезгилине даярдык: Энергетика секторундагы абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Өлкөнүн энергетика секторундагы абал туруктуу, аталган тармакты күз-кыш мезгилине өткөрүү үчүн даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттукэнергохолдингдин энергия таратуу генерация башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеев билдирди.

Анын айтуусунда, азыркы учурда авариялык өчүрүүлөр болгон жок.

"Ремонт иштери боюнча баардык жумуштар өз убагында жүргүзүлүүдө. Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, Токтогул суу сактагычындагы суунун агып кириши 86% болушу керек эле, факт боюнча 94% деп жатабыз. Жылытуу мезгилинин башталышында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд. 200 млн. кубду түзүшү керек", - деп билдирди Ачикеев.

Ал кошумчалагандай, учурда объекттерге көмүр сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. "Импорттук жана жергиликтүү көмүр боюнча тендер процедуралары план боюнча жүрүүдө. Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 1 млн. 140 миң тонна көмүр камдап коюу пландалууда. Алардын ичинен 740 миң жергиликтүү көмүр, 400 миң импорттук. Учурда Бишкек ЖЭБне 100 миң тонна көмүр алынып келинген. Тендердик жараяндар план боюнча жүрүүдө, үзгүлтүккө учуроолор болбойт деп ишенем", - деп билдирди башкармалыктын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий