• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 15,5 млрд сом бөлүнгөн — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 15,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул каражатка 100дөн ашуун жүк ташуучу унаалар жана техникалар, андан тышкары жүк ташуучу вагондор сатып алынган.

"Өткөн жылы биз аймактарда көмүрдүн баасын атайылап кымбаттатуу жана рынокто катуу отундун жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө кабылганбыз. Кырдаалды президенттин жеке катыштыгы менен чечүүгө мүмкүн болгон. Көйгөйдү алдын алуу үчүн бул жылы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына көмүр ташуу үчүн жаңы техникалар сатылып алынган. Бул үчүн тендер өз убагында жарыяланып, анын аркасында кышында көмүрдү өз убагында ташууну жүзөгө ашырууга мүмкүн болду", - деди Жапаров.

Ал белгилегендей, көмүр менен камсыздоо маселеси 30 жылдан бери чечилишин күткөн актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон.

"Бул жылы башка көйгөй - 20 градус суукту көтөрө албаган эскилиги жеткен жылытуу тутумдары тынчсызданууну жаратууда", - деди ал.

Ошону менен бирге министрлер кабинетинин башчысы республиканын эгемендик жылдарында кечиктирилгис көйгөйлөрдүн тизмеси өскөндүгүн баса белгиледи. Аларды пландуу ырааттуулукта чечүү аткаруу бийлигинин аларга болгон аң-сезимин жана мамилесин өзгөртүү, ошондой эле жергиликтүү жетекчилерге катуу талаптарды коюу менен алынат.

"2021-жылдан тартып биз жетекчилерди жана алардын көйгөйлөрдү чечүүгө болгон ыкмаларын өзгөрттүк, адистерди ротацияладык. Сиздерде эмнеге жөндөмдүү экениңиздерди көрсөтүү үчүн жетиштүү убактыңыздар болгон. Биздин талаптарды аткара албагандар иштен кетет", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы алардын ар биринин иши көзгө көрүнөрлүк жана жакшы натыйжаларды алып келүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий