• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Күз-кыш мезгилине даярдык. «Тазалык» ишканасы базага 2,8 миң тоннага жакын туз жеткирди

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасы 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы маалыматтар боюнча, базага 2 миң 711 тонна техникалык туз жеткирилген. Калганын эске алуу менен 4 миң 84 тонна техникалык туз сатылып алынган.

Күзгү-кышкы тазалоо мезгили 1-ноябрдан 1-мартка чейин белгиленген. Аба ырайы кескин өзгөргөн учурда кышкы тазалоонун башталыш жана аяктоо мөөнөтү Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаменти жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башармалык тарабынан жөнгө салынат.

Жыл сайын 1-ноябрдан тарта ишкана үчүн күзгү-кышкы мезгил башталат. Жолдорду, тротуарларды кар-муздарды тазалоого багытталган иштер жүргүзүлөт. Жолдорго инерттүү материалдарды чача турган нөөмөттүк топтор уюштурулуп, аларга нөөмөттө атайын эс алуу бөлмөсү жабдылат.

Көчөлөрдүн жана кирүүчү жолдордун жүрүүчү бөлүгүн күзгү-кышкы тазалоо Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Шаардын жолдорун жана көчөлөрүн кардан тазалоо жана кум себүү убактысын аныктоо үч категорияга бөлүнөт:

1-категория - өкмөттүк жолдорго, трафик көп болгон көчөлөргө, троллейбус жана автобус линияларына, муздун көрүнүшү өзгөчө унаалардын кыймылына тоскоол болгон жантайма көчөлөргө чыгуу;
2-категория - шаардык транспорттун орточо кыймылы бар көчөлөр, жөө адамдар көп жүргөн аймактар;
3-категория - кыймыл аз болгон көчөлөр.

Тазалоо иштери Бишкек шаарынын 133 көчөсүндө жүргүзүлөт, жалпы аянты 4075,6 миң чарчы метрди же 361,3 км түзөт.

Шаар жолдорун кардан тазалоого 39 унаа, анын ичинен МАЗдын негизинде 26 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 КДМдин негизинде 2 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч, щетка жана күрөк менен 5 трактор (Беларусь), кар тазалоочу 2 МТЗ 80 трактор, 4 УКМ-2500 жана жол-эксплуатация башкармалыгынын 40 жумушчусу тартылат.

Жолдордун боюндагы аялдамаларды жана тротуарларды кардан тазалоо иштерин 715 жол тейлөөчү жана 121 жүктөгүч жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий