• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көзүнө жаш алды. ССМнын өкүлү коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирустан каза болгон Бишкек шаарындагы №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Көкүмбаева Жүзүмкан Асановнанын жакындарына көңүл айтты.

Анын айтымында, Жүзүмкан Асановна өмүр бою саламаттык сактоо системасында иштеген.

"Бүгүнкү күндө коронавирустан эки жаран каза болду. Анын бирөө Жалал-Абад облусунун тургуну, экинчиси медицина кызматкери. Учурдан пайдаланып Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) атынан, өзүмдүн жана бардык медкызматкерлердин атынан биздин кесиптешибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Көкүмбаева Жүзүмкан Асановна 30 жылдан ашык саламаттык сактоо системасында иштеп келди. Ал Саламаттык сактоонун отличниги болгон. Ал өзүнүн эмгек жолунда чынчыл жана өзүнүн ишин жакшы билген көсипкөй адис катары жашап өттү", - деп эскерет Акматова.

Эскерте кетсек, 2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумган. Алардын бири – медицина кызматкери, ал №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 1962-жылы туулган К.Д.А., экинчи бейтап 1951-жылкы Жалал-Абад облусунун тургуну.

Белгилей кетсек, 3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ке жетти. Алардын ичинен 207си медицина кызматкери. Илдеттен 564 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий