• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күзүндө Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган кино жумалык өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. Күзүндө Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган кино жумалык өткөрүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев билдирген.

Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан белгилешкендей, жумалыктын алкагында Таттыбүбү Турсунбаева тартылган тасмалар көрсөтүлөт.

Актриса каза болгон күнү эскерүү иш-чарасы өтөт.

Эскерте кетсек, бул жылы Турсунбаева 75 жашка толмок. Ал 1944-жылы 12-июлда төрөлүп, 1981-жылы 21-декабрда каза болгон.

Ал "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Пикир

Оставить комментарий