• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күзөт кызматынын кызматкерлери баңгизат сатууга аракет кылган шектүү жаранды кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери баңгизат сатууга аракет кылган шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн 3-взводунун кармоо тобунун кызматкерлери өзүлөрүнө бекитилген аймакта кайгуул иштерин жүргүзүп жатып Бишкек шаарынын Анкара көчөсүнөн өтүп бараткан учурда жолдун жээгиндеги аракети шек жараткан болжол менен 18-20 жаш чамасындагы жаранды байкашкан.

Байкоо жүргүзгөндө аталган жаран телефонунун жарыгын күйгүзүп, теректин түбүнөн темир буюм менен жерди казып, бир нерсе катып жаткандыгы белгилүү болгон. Текшерген маалда анын колундагы капчыгынан 6 даана кара жылтыракка оролгон ак түстөгү зат табылган.

Жаран ал каражаттарды кичинекей кагазга ороп, катканга аракет кылган. Кармалган жаран шектүү катары Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилип берилген.

Белгиленгендей, аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрге катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет.

Алдын ала маалымат боюнча алынган ак түстөгү зат синтетикалык баңгизат болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий